• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

"Чакан ГЭС" ААК гидроэлектростанциялардын жабдууларындагы оңдоо иштерин улантууда

Коом 0

Бишкек, 18.09.23. /Кабар/. "Чакан ГЭС" ААК гидроэлектростанциялардын жабдууларындагы оңдоо иштерин улантууда, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Алсак, ГЭС-1 күч трансформаторунда (Т-2) жана өчүргүчтөрүндө утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ишти алып барууга "Чакан ГЭС" ААКнын жергиликтүү релелик коргоо жана автоматика кызматы, электр техникалык участогу тартылды.

Иш ордуна барган адистер төмөнкү иштерди аткарышты:

  • күч трансформаторго жана өчүргүчкө электр ченөө жүргүзүү;
  • РКжАны текшерүү жана тестирлөө;
  • өчүргүчтүн майын тестирлөө жана тандоо;
  • контакттык байланыштарды жана ажыраткычтарды тазалоо;
  • изоляторлорду чаңдан тазалоо;
  • фазаларды боё.

Ведомстводон аткарылган жумуштар электр энергияны ишенимдүү иштеп чыгышына жана сапатын жогорулатышына шарт түзөрун кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий