• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Акыл менен күчтүн айкалышы. Кыргызстанда Шахбокс федерациясы түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 12.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда Шахбокс федерациясы түзүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Шахбокс федерациясынын президенти Абасбек Доромбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган спорттун түрү 2004-жылы Германияда пайда болуп, биринчи дүйнө чемпионаты Нидерландда өткөн.

"Шахбокс – бул шахмат менен бокстун айкалышкан түрү. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы федерация эл аралык деңгээлде таанылып, Шахбокс эл аралык уюмуна кирди. Алдыда эркектер, кыз-келиндер, кадеттер жана юниорлор арасында курама командалар түзүлүшү керек. Ошондой эле Баткен, Ош, Чолпон-Атада федерациясынын бөлүмдөрүн ачабыз. Жакында Кара-Балта шаарында сынамык мелдеш дагы өткөрүлдү", - дейт ал.

Доромбаев 4-7-июнда Индиянын Калькутта шаарында шахбокс боюнча Азия чемпионаты өтүп, ага учурда Кыргызстандан бир спортчу Азамат Жанузаков катышарын белгиледи.

"Азия чемпионатына Азаматтан сырткары дагы эки спортчу катышат деп жатабыз, анын бирөөсү кыз болот”, - деди федерациясынын президенти.

Шахбокс федерациясынын башкы катчысы Алияр Султанов федерациянын максаты күчтүү курама команданы түзүп, эл аралык мелдештерге даярдоо экенин айтты.

“Шахбокстун эрежеси боюнча айта кетсем, жалпы 11 раунд болуп, анын алты раундун шахмат ойношсо, калганында бокс боюнча таймашат. Шахматтын раунду төрт мүнөткө созулат, ал эми бокс эки мүнөткө уланат. Эки мүнөттөн кийин спортчуларга кол кабын чечүүгө бир мүнөт берилет. Шахмат оюнунан мат койсо же атаандашынын убактысы бүтүп калса, ошондой эле атаандашын нокаутка кетирсе же калыс тарабынан токтотулса жеңүүчү аныкталат”, - деп түшүндүрдү Султанов.

Пикир

Оставить комментарий