• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкекте «Мурас-Аймак» достук мелдешинин финалдык баскычы башталды

Спорт 0

Бишкек, 30.11.24. /Кабар/. Бүгүн тогуз команданын катышуусу менен футзал боюнча «Мурас-Аймак» достук мелдеши старт алды.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, анын ичинде «Баткен шаары» (Баткен облусу), «Ынтымак» (Жалал-Абад облусу), «Ат-Башы» (Нарын облусу), «Ноокат» (Ош облусу), «Каракол» (Ысык-Көл облусу), «Коопсуздук» (Талас), «Сары-Өзөн» (Чүй облусу) менен «Журналистер» (Ош шаары) жана «НЭСК» (Бишкек шаары) командалары бар.

Турнирдин баштапкы этабында жалпысынан 242 команда катышты.

Финалдык баскычка жеткен бул командалар өз облус жана шаарларында октябрь жана ноябрьда өткөн аймактык мелдешке катышып, мыкты болуп табылган. Достук мелдеш Бишкек шаарынын Каба уулу Кожомкул Спорт сарайында өтүүдө.

Мелдештин ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, мелдешти Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев ачып берди.

Маалымат үчүн: Аймактар арасындагы бул мелдеш негизги «Мурас» салттуу достук мелдешинин үлгүсүндө түзүлдү. Турнир айлампа системасында менен жекеме-жеке оюн форматында орун алат. Өз тайпаларында алгачкы эки орунду ээлеген командалар жарым финалда жолугуп, алардын жыйынтыгында мыктылары финалда ойношсо, жеңилген курамдар 3-орун үчүн беттеште кез келет.

Пикир

Оставить комментарий