• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

"Реал" клубу "Сарагосаны" жеңип, Испаниянын кубогунун чейрек финалына өттү

Спорт 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 30-январда футбол боюнча Испаниянын кубогунун 1/8 финалында "Реал" клубу "Сарагоса" командасы менен оюн өткөрдү. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

"Ла-Романеда" стадионунда өткөн оюнда "Реал" атаандашын 4:0 эсебинде артта калтырды.

Мадриддик команданын оюнчулары Винисиус Жуниор, Карим Бензема, Рафаэль Варан жана Лукас Васкес атаандашынын дарбазасын бош калтырган жок.

Эскерте кетсек, эртең, 31-январда Испаниянын кубогунун 1/8 финалында "Барселона" менен "Леганес" командалары беттешет.

Пикир

Оставить комментарий