• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бишкекте мыйзамсыз кармоо жана кыйноо фактысы боюнча милиционерлер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Мыйзамсыз кармоо жана кыйноо фактысы боюнча Бишкек шаардык Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын 5-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан Э.Б. аттуу КР жаранын мыйзамсыз кармоо жана кыйноо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 18-сентябрда Биринчи Май РИИБдин 5-шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери Ж.у.К. жана А.Ы.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Соттук-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгында КР жараны Э.Б.га карата кыйноо колдонулган, бул дене жаракатынын издери менен далилденген.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий