Бишкекте мыйзамсыз орнотулган 18 күркө алынууда

Коом 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз орнотулган 18 күркө алынууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Үсөнбаев көчөсү, 29/1 дарегиндеги уруксаты жок 18 күркөнү демонтаждоо иштери жүрүүдө.

Буга чейин Жер пайдалануу контролдоо боюнча башкармалыгы күркө ээлерине өз ыктыяры менен алууну талап кылган билдирүү тараткан. Бирок мүлк ээлери муниципалитеттин талабына көңүл бурушкан эмес.

Бишкек мэриясы жарандардан жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранат. эгерде мыйзамсыз объектилер аныкталса, КР мыйзамдарына ылайык чара көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий