Бишкекте "Натыйжалуу кызматташуу үчүн санариптик куралдар" IT форуму өтүүдө

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Бишкекте "Натыйжалуу кызматташуу үчүн санариптик куралдар" IT форуму өтүүдө.

Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, форум өлкөдөгү алдыңкы компаниялардын бири – AVN тарабынан уюштурулган.

Белгиленгендей, компания BeEasy платформасын иштеп чыкты, ал тапшырма мессенджери катары колдонулат, долбоорду башкаруу процесстерин кыйла жөнөкөйлөштүрөт жана оптималдаштырат.

Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев форумда сөз сүйлөп, мындай чечимдер бизнестин натыйжалуулугун жогорулатууга гана эмес, дүйнөлүк технология рыногунда биздин өлкөнүн позициясын бекемдөөгө да салым кошорун билдирди.

"Санариптик технологияларды киргизүү компаниялардын операциялык чыгымдарын 20-30% кыскарта алат. Учурда Соода-өнөр жай палатасы санариптик платформаны ишке киргизүүнү аяктоодо жана жакынкы арада палата көрсөткөн бардык кызматтар онлайн режиминде жеткиликтүү болот», - деп баса белгиледи Темир Сариев.

IT тармагындагы жаш адистердин билими жана тажрыйбасы биздин өлкө үчүн баа жеткис ресурстар болуп саналат. Форумда ошондой эле акыркы IT иштеп чыгуулардын презентациялары жана келечектүү долбоорлордун талкуулары болду.

Пикир

Оставить комментарий