• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Бишкекте нотариалдык ишмердүүлүк жаатындагы мыйзам долбоору талкууланды

Коом 0

Бишкек, 16.11.24. /Кабар/. Бүгүн "Нотариалдык ишмердүүлүк жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү.

Юстиция министрлигинен билдиришкендей, мыйзам долбоору соттордун ишин оптималдаштырууга, сот жүгүн азайтууга жана адам укуктарын жана эркиндиктерин соттон тышкаркы жана сотко чейинки коргоо ыкмаларын, формаларын жана жолдорун өнүктүрүүгө багытталган.

Бул мыйзам долбоорунда буйрук өндүрүшүнүн иштерин нотариустардын компетенциясына өткөрүп берүү каралган.

Иш-чарага юстиция министринин орун басары Искендер Сыдыгалиев, Жогорку жана жергиликтүү соттордун судьялары, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, иш-чара USAID’дин "Укук Булагы" долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий