• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте мамлекеттик тилге арналган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 28.90.17. /Кабар/. Бишкектин борбордоштурулган китепканасында “Тил-улуттун түгөнгүс кенчи” аттуу Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өттү.

Көптөгөн коноктор кыргыз тилине байланыштуу темаларды талкуулоого катышты.

“Кыргыз тили” коомунун президенти Раимжан Курбанов эне тилин колдоо тууралуу жана мекендештерибиз жашаган чет өлкөлөргө сапарлары жөнүндө айтып берди. Ал тилди сактап калуу маанилүү экенин баска белгиледи. Манасчы МАкулбеков Бактыяр анын сөзүн ырастады.

Андан соң кыргыз тили боюнча викторинанын уюштуруучулары бардык жеңүүчүлөргө сыйлыктарды ыйгарышты. Иш-чара жагымдуу маанайда аяктап, катышуучулар канааттануу менен кайтышты.

Пикир

Оставить комментарий