Бишкек, 11.06.18. /Кабар/. Бишкекте унаа кыймылы үчүн Манас проспектисинин бир бөлүгү ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, унаа кыймылы үчүн Манас проспектисинин Чүйдөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү ачылган.
Аталган тилкеде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.
Быйыл "Манас" проспектиси Жибек Жолунун түндүгүнөн Семетей көчөсүнө чейинки 8,9 чарчы метр аралыгы оңдолот.
Пикир
Оставить комментарий