• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте органикалык продукциялардын жана техникалардын көргөзмө-жарманкеси өтөт

Экономика 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. 20-22-сентябрда Бишкек шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн органикалык продукцияларынын жана техникалардын көргөзмө-жарманкеси өтөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, көргөзмө-жарманкеге коопсуз жол менен өстүрүлгөн продукциялар: жашылчалар, жемиштер (өрүк, алма, алмурут жана башка), кургатылган жемиштер, жаңгактар, ширелер, кыямдар, консервалар, пасталар, дары чөптөр, чайлар, бал, аары продуктылары жана башкалар коюлат.

Айыл чарба министрлиги шаардыктарды 20-21 жана 22-сентябрь күндөрү өтө турган көргөзмө-жарманкеге чакырат.

Пикир

Оставить комментарий