• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Бишкекте пара талап кылуу, кыйноо фактылары боюнча милиция кызматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Бишкекте пара талап кылуу жана кыйноо фактылары боюнча милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

КР Аскер прокуратурасы тарабынан пара талап кылуу жана кыйноо фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери С.А.Ш. аттуу жаран кармалды.

Алгачкы тергөө материалдарына ылайык, Октябрь РИИБдин жооптуу кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын сентябрь айында К.А. жана А.Н. аттуу жарандар кыйноого алынып, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу максатында 500 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.

Учурда кылмышка шектүү башка кызматкерлерди аныктоо менен жоопкерчиликке тартуу максатында тиешелүү тергөө жана ыкчам-издөө чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий