Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» Эл аралык конференциясы өтүүдө.
Конференциянын максаты – тарыхый процесстерге жана учурдагы Ислам жана Православие диндеринин өз ара аракеттенүү чөйрөсүндөгү азыркы абалды талкуулоо.
Иш-чарага Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко катышууда, ал конференциянын катышуучуларына РФнын президенти Владимир Путиндин кайрылуусун окуп берет.
Пикир
Оставить комментарий