• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Президент «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Мыйзамына кол койду

Президент 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 29-декабрында «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамда ар бир адамдын маалымат эркиндигине, анын ичинде мамлекеттик сектордун субъекттеринин, ушул Мыйзам менен аныкталган маалыматтын башка ээлеринин карамагында турган маалыматтарга жетүү укугун ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуу жана алардын ишинде максималдуу маалыматтык ачыктыкка, айкындуулукка, ошондой эле алардын жоопкерчилигин жогорулатуу, коррупцияга каршы күрөшүү, коомчулук тарабынан алардын коомдук-укуктук милдеттерин аткарышына контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү каралган.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий