Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб 11-август, саат 10:00гө карата бош орундар боюнча маалымат берди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте жалпы 514 бош орун бар.
- Улуттук хирургия борборунда - 7;
- Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада – 55;
- №2 Клиникалык төрөт үйүндө – 54;
- Улуттук кардиология жана терапия борборунда - 17;
- Чүй облустук бириккен ооруканасында – 40;
- Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн – 44;
- Улуттук онкология жана гематология борборунда – 28;
- Улуттук госпиталь: Урологиялык корпус – 30;
- Улуттук госпиталь: Мобилдик госпиталь – 75;
- Республикалык наркология борборунда – 79;
- Аскер госпиталында – 30;
- Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда – 28;
- КММА фтизиатрия борборунда (№6 жатакана) – 34 бош орун бар.
Кошумча маалыматты картада көрсөтүлгөн телефон номерлер боюнча тактап алууга болот.
Пикир
Оставить комментарий