• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

11 млн беткап. Кыргызстанга эки жыл аралыгында канча гуманитардык жардам келди?

COVID - 19 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин дары-дармектерди сактоо секторунун башчысы Өскөнбай Стамкулов брифинг учурунда Кыргызстанга 2020-2021-жылдар аралыгында канча гуманитардык жардам келгенин маалымдады.

Анын айтымында, 2020-жылдын майынан баштап Россия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдөн, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, USAID, БУУнун өнүктүрүү программасынан жана ыктыярчылардан ар кандай жардам келген.

“Жалпы жасалма дем алдыруучу 712 аппарат, 1 миң 862 кычкылтек концентратору, 249 миң 33 комбинезон, 11 млн 614 миң 464 бир жолу колдонулуучу беткап, 429 миң 559 бир жолу колдонулуучу бахила, 49 миң 13 антисептик келген”, - дейт ал.

Стамкулов Дары-дармектер департаментинин кампасында бахила, комбинезон, беткап, кол капты камтыган 77 миң 57 комплект бар экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий