Бишкек, 22.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Бишкекте салмагы 5 кг ашуун төрөлгөн Алимге салтанаттуу түрдө туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылды.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында жашаган Сатымкуловдордун үй-бүлөсүндө салмагы 5 кг 130 грамм болгон уул төрөлгөн.
Буга байланыштуу Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин Аймактар аралык бөлүмдүн кызматкерлери бактылуу үй-бүлөнү куттуктап, салтанаттуу түрдө жаңы төрөлгөн баатырга туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырышты.
Жаңы төрөлгөн ымыркайга ата-энеси Алим деген ысымды ыйгарды, Алим үй-бүлөнүн тун уулу.
Пикир
Оставить комментарий