• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бишкекте санариптик трансформацияны тездетүүгө багытталган семинар өттү

Экономика 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик органдар үчүн санариптик технологияларга өтүүгө жана кагаз түрүндөгү документтерден баш тартууга арналган семинар өткөрдү.

Ведоствонун маалыматына караганда, мамлекеттик түзүмдөрдөгү ички процесстерди модернизациялоо бюрократияны азайтууга, кызмат көрсөтүүлөрдү тездетүүгө жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Семинарда санариптик кодекс, кибергигиена, санариптик долбоорлорду каржылоо жана мамлекеттик кызматтарды оптималдаштыруу сыяктуу негизги маселелер талкууланды.

СӨМ мамлекеттик органдар үчүн санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана технологиялар чөйрөсүндөгү компетенцияларды өнүктүрүү менен тренингдерди үзгүлтүксүз өткөрүп турат.

Семинар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте уюштурулду, бул Кыргызстандагы санариптик трансформацияны тездетүүгө жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий