• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте санэпидкөзөмөл департаментине “Нива” үлгүсүндөгү жаңы автоунаалар берилди

Ден соолук 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде, Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине “Нива” үлгүсүндөгү жаңы автоунааларды өткөрүп берүү аземи болду.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, унаалар Дүйнөлүк банктын каржылоосунда сатып алынды.

Долбоордун максаты — Кыргызстандагы COVID-19 пандемиясына даярдык көрүү жана ага жооп кайтаруу жаатында Кыргызстандын күч аракетин колдоо болуп саналат.

Автоунаалар Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына берилип, райондук борборлорго жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмдөрүнө жеткирип берилет.

“Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун көп объектилери облустук борборлордон бир кыйла алыста жайгашкан. Жогорку үлгүдөгү “Нива” унаалары дары-дармектерди жеткирүү жана ПЧР изилдөөлөрү үчүн биоматериалдарды ташуу үчүн да колдонулат”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2020-жылы дагы Country Serviсe долбоору үчүн “Нива” үлгүсүндөгү 19 унаа сатып алынган.

Пикир

Оставить комментарий