• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте “Ортоазиялык Романсиада” VIII эл аралык конкурсу аяктады

Маданият 0

Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Бишкекте орус романсынын аткаруучуларынын “Ортоазиялык Романсиада” VIII эл аралык конкурсунун гала-концерти болуп өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, концертке КР Эл артисти Бакыт Тилегеновдун жетекчилиги алдындагы Кыргыз эл аспаптар оркестри, Өзбекстандын Эл артисти Авазхон Раджабов, КР эмгек сиңирген артисти Элнура Муктарбек, Казак улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдыңкы солисти Эмил Сакавов, Россиянын эмгек сиңирген артисти Мария Людько, “Геликон-Опера” театрынын алдыңкы солисти Сергей Абабкин, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдыңкы солисти Таир Бейшеев жана конкурстун лауреаттары катышты.

Ал эми баш байгени К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенти Нуржигит Молдояров алды.

Белгилей кетсек, быйыл катышуучулардын саны жүздөн ашып, абсолюттук рекорд болду. Биринчи жолу тандоо туру Ош шаарында өтүп, Бишкекте конкурстук угуулар эки күнгө созулду. Кыргызстандын Маданият министрлиги жеңүүчүлөргө жалпы байге фонду 300 миң сомду түзгөн акчалай сыйлыктарды тапшырды. Гала-концертте конкурстун калыстар тобунун төрагасы, Россиянын эмгек сиңирген артисти Мария Людько өзүнүн мааракесин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий