• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Бишкекте "скрипка ханзаадасы" Даниэль Лозаковичтин концерти өттү

Маданият 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. Күн мурун Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда дүйнөгө белгилүү болгон швециялык скрипкачы Даниэль Лозаковичтин концерти өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Лозакович атактуу композиторлор Моцарт менен Сибелиустун чыгармаларын КР эл артисти Рахатбек Осмоналиев жетектеген А.Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык-симфониялык оркестринин коштоосунда аткарды.

Анда классикалык музыканын бардык күйөрмандары дээрлик 300 жыл болгон “страдивари” скрипкасынын үнүн угууга мүмкүнчүлүк алышты.

Апасы кыргызстандык болгон Даниэль Лозакович концерттин жүрүшүндө "Кыргызстанды өз үйүмдөй жакшы көрөм" деп белгиледи.

Эске салсак, кыргыздарга жээн белгилүү скрипка-виртуозу 23-жашта, ал Эгемендүүлүктүн 33 жана Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата атайын чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий