• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте таяк тартыш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. 30-ноябрдан 1-декабрга чейин “Газпром” спорт комплексинде таяк тартыш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасында өтүп, 24 мамлекеттен 300 ашык спортчу катышаары күтүлүүдө. Кыргызстандын атынан 14 спортчу өлкө намысын коргойт.

Чемпионаттын катышуучулары төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

Жаштар арасында:

  • балдар: 50, 60, 70, 80, +80 кг;
  • кыздар: 50, 60, 70, +70кг.

Чоңдор арасында:

  • эркектер арасында: 60, 65, 70, 75, 80, 90, 105, 125, +125 кг;
  • кыз-келиндер: 55, 65, 75, 85, +85 кг;

Ардагерлер арасында:

  • эркектер: 65, 75, 85, +85 кг;
  • аялдар: 65, +65 кг.

Мелдештин программасы:

Башталышы 30-ноябрь саат 10:00, салтанаттуу ачылыш аземи саат 17:30 болот.

Белгилей кетсек, чемпионат Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана таяк тартыш федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий