Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Бишкекте таяк тартыш (мас рестлинг) өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионат өтөт, деп билдирет Дене тарбия жана спорт департаменти.
Мелдеш 20-21-апрель күндөрү Кыргыз-Түрк Манас университетинин спорт комплексинде орун алат.
Катышуучулар төмөнкү салмакта күч сынашат:
- өспүрүмдөр арасында (14-15 жаш) — 50, 60, 70, 80, +80 кг;
Жаштар арасында:
- балдар (16-17 жаш) — 50, 60, 70, 80, +80 кг;
- кыздар — 50, 60, 70, +70 кг;
Чоңдор арасында:
- эркектер — 60, 65, 70, 75, 80, 90, 105, 125, +125 кг;
- кыз-келиндер — 55, 65, 75, 85, +85 кг.
Пикир
Оставить комментарий