• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Бишкекте "Тазалыктын" кызматкерин унаа өлтүрө сүздү: Ал 20 метр аралыкка учуп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. Кечээ, 14-март күнү саат 20:00дө Профсоюз көчөсүндө "Тазалык" ишканасынын кызматкерин унаа сүзүп, ал каза тапты. Бул тууралуу "Тазалык" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал иштеп жаткан жер толугу менен жарык болуп, ал кызматкер атайын жарыкты чагылдыруучу кийим кийип жүргөн.

"Алдын ала маалымат боюнча, ал унаа катуу ылдамдыкта келе жаткан. Себеби, көз жумган кызматкер дээрлик 20 метр аралыкка учуп кеткен. Аны сүзгөн айдоочу кармалган. Учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы иш жүргүзүүдө. Ишкана каза болгон кызматкердин туугандарына материалдык жардам көрсөтөт. Бишкек шаарынын мэриясы анын туугандарына көңүл айтып, тергөө акыйкат жүргүзүлөт деп ишенет", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аталган ишкана шаардагы айдоочуларды жолдо сак болууга чакырды.

"Урматтуу айдоочулар, мэриянын кызматкерлери күнү-түнү иштешет. Алардын баары атайын жарыкты чагылдыруучу кийим кийип жумуш аткарышат. Ошентсе да, алар каза болуп жатышат. Өтүнүч, биздин борбор калаабызды көрктөндүргөн адамдарга сак бололу", - деп билдирет аталган ишкана.

Белгилей кетсек, каза болгон 36 жаштагы жаран үй-бүлөсү менен Тынчтык конушунда жашачу. Анын жубайы да "Тазалык" ишканасында эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий