Бишкек, 22.01.19 /Кабар/. Бишкекте терезесин караңгылаткан унааларга каршы рейд жүрүүдө. Бул рейдди автоинспекторлор менен Транспорт жана жол министирлиги биргеликте өткөрүүдө.
Административдик жоопкерчиликтер боюнча кодексинин 19-бөлүмүнүн 129-беренесинде төмөнкү 3 пункт боюнча мыйзам бузуулар каралган.
– Өз алдынча уруксаты жок үн жана жарык койдуруу;
– Өзгөчө кызмат транспорттордун үстүнө мыйзамсыз графикалык жарык схемаларды орнотуу;
– Капталдагы алдыңкы эки айнегин караңгылаткан же алардын ордуна парда таккандар.
Пикир
Оставить комментарий