• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Фоторепортаж: Кыргызстан – Араб Эмираты беттешин күйөрмандар кантип көрүштү

Коом 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Азия Кубогу-2019 мелдешинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына дем-күч берген күйөрмандар болду.

Кыргызстан өткөргөн 4 беттеш бүт өлкөнү бириктирди: бир күйөрман оюнду Абу-Дабинин ысык стадиондорунда отуруп көрсө, башкалары өз үйүндө, үчүнчүсү соода борборлорунан, дагы бири эс алуу жайларында күйөрмандык кылды.

"Ак шумкарлардын" Азия Кубогу - 2019 жарышынын алкагындагы акыркы беттеши кечээ орун алып, мелдеш өтүп жаткан Бириккен Араб Эмираттары менен ойношту.

Күйөрмандык кылган кыргызстандыктар ички сезимдерин кармана албай бири Александр Крестининге ыраазы болсо, башкасы Кытайлык Фу Мингди калыстыгына ачуулуу комментарийлерди жазып жатышты.

Ал турсун "FuMingShame" (Фу Минг уят, маскара) хештеги башталды. Сегиз саат ичинде анын ишине арналган 500дөн ашык мем чыкты.

Айта кетсек, биздин "ак шумкарлар" жөн эле үйүнө кайтпай, тарых жаратып күйөрмандары үчүн унутулгус сезимдерди тартуулашты. Алар Азия Кубогунда татыктуу оюндун аркасы менен 1/8 финалга чыга алышты.

Алгачкы эки беттешинде Кыргызстан Кытай менен Түштүк Кореяга жеңилсе, үчүнчү оюнда Филиппинди жеңе алган.

Ал эми плей-оффто Бириккен Араб Эмираттарына каршы оюнда утулуп калды.

Ал беттешти Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт да көргөн. Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Абылгазиев жана вице-премьерлер футбол көрүп жаткан сүрөттөрүн жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий