• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте "Терроризмдин жана экстремизмдин алдын алуу" темасындагы алдын алуу-билүү маеги өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан №246 борборлоштурулган китепкана системасынын ичинде №5 муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери арасында "Терроризмдин жана экстремизмдин алдын алуу" темасындагы алдын алуу-билүү маеги өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул сүйлөшүүдө милиция кызматкерлери ар кандай экстремисттик уюмдардын жана экстремисттер менен террористтерди үгүттөөнүн ар кандай ыкмалары бар экендиги жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле ар кандай өзгөчө кырдаалдарда адамдын жүрүм-турум эрежелери айтылды.

Катышуучулар менен милиция кызматкерлеринин ортосунда талкуу түрүндө конструктивдүү маек болуп, анын жүрүшүндө бардыгы толук кандуу жоопторду алышты.

Пикир

Оставить комментарий