• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте лифттер техникалык кароодон өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын адистери көп кабаттуу үйлөрдө жайгашкан лифттердин техникалык абалын текшеришти.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүү 7-кичирайонундагы № 38 жана №40 үйлөрдөгү муниципалдык лифттерден башталды.

"Текшерүү учурунда лифтердин эшиктери, шахта, кабина жана лифттин кыймылдаткычы (мотор) каралды. Бул лифттер 38 жылдан бери иштеп келет жана абалы канааттандырарлык", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, лифттерди оңдоо боюнча механиктер, көтөргүчтөрдүн жарамдуулугун текшерип, тургундардын суроо-талаптарына жооп берип, токтоп калган лифттерди ишке киргизишет.

Өз кезегинде, мындай текшерүү жүргүнчүү лифттердин кемчиликтерин аныктоо, оңдоо жана лифттин коопсуз үзгүлтүксүз абалда экендигин тастыктоо үчүн жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, март айында авариялык лифт кызматына 134 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен муниципалдык кайрыуулар – 60, башка жеке менчик лифттерден-29, ал эми лифтчи-операторлор тарабынан 12 эвакуация жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий