• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Билим берүү министри ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолугушту. Бул

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда тараптар билим берүү тармагын өнүктүрүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ 4) ишке ашыруунун алкагында “жашыл” экономика жана климаттын өзгөрүшү маселелерин талкуулап, биргелешкен иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Каныбек Иманалиев Алексей Роговго жемиштүү кызматташтыгы үчүн министрликтин Ыраазычылык катын тапшырды.

Ошондой эле Иманалиев Алексей Роговду 2024-жылы Кыргызстанда өтө турган “Билим берүү жана климаттын өзгөрүшү” темасындагы “Schools2030” Глобалдык форумга катышууга чакырды.

Министр Кыргызстандын студенттерине “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында экологияны коргоо боюнча жасап жаткан иштери үчүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысына ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий