• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн энергетика министрлеринин IV жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 16.09.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн энергетика министрлеринин IV жыйыны өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, ТМУнун жыйыны Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлдү. Жыйын мындан ары өз ара ишенимди, конструктивдүү жана натыйжалуу кызматташтыкты, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин боордош элдеринин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөт.

Отурумга Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттер – Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Кыргызстан жана байкоочу катары Түркмөнстан и Венгрия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар ТМУнун алкагында энергетика тармагындагы биргелешкен ишмердүүлүктү карап чыгышып, ТМУну түзүү жөнүндө Нахичеван макулдашуусунда, 2040-жылга чейин түрк дүйнөсүн өнүктүрүү концепциясында, Астана актысында, ТМУнун программасында жана 2023-2027-жылдарга карата энергетикалык кызматташтык боюнча иш-аракеттер планында көрсөтүлгөн милдеттердин маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле жыйынга катышкан өлкөлөрдүн ортосунда энергетика чөйрөсүндө кызматташтыкты бекемдөө, аймактык технологиялар жана жашыл демилгелер борборун түзүү, энергетиктердин арасында кесиптик чеберчилик боюнча мелдештерди жыл сайын өткөрүү, энергетика министрлеринин кийинки жолугушуусун өткөрүүнүн ордун аныктоо маселелери каралып, кошумча энергетика тармагындагы ар кандай суроо-жооптор түрүндө талкуу болду.

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев өз сөзүндө жалпы жыйындын катычууларына кайрылып, ар бир өлкө менен болгон кызматташуу, алардын буга чейинки энергетика тармагын биргеликте өнүктүрүүгө кошкон салымдары жана колдоолору үчүн ыраазычылык билдирип өттү. Аны менен катар бүгүнкү жыйын ТМУга мүчө мамлекеттер үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

"Бүгүнкү саммит – түрк өлкөлөрүнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгын жана өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө жолундагы дагы бир кадам болуп эсептелет.

Жашыл энергия булактарын түзүү жана жашыл энергияны дүйнөлүк рынокко чыгаруу көптөгөн өлкөлөрдө энергетикалык саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

Кыргызстанда гидроэнергетикалык долбоорлор жана энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлор боюнча кызматташуунун кеңири потенциалы бар.

Түрк мамлекеттеринин энергетика министрликтерине энергетикалык каттамдарды диверсификациялоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну жана келечектүү энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү катышууну сунуш кылам.

Энергетика министрлеринин отуруму эки тараптуу жана көп кырдуу кызматташтык маселелерин, ТМУга мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы кызматташтык, өз ара мамилелерин жана потенциалын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем”, - деди ал.

Катышуучулар түрк мамлекеттеринин жашыл энергия булактарын, анын ичинде күн энергиясын, сууну, шамалды жана башка кайра жаралуучу ресурстарды изилдей турган ТМУнун колдоосу астында технологиялар жана жашыл демилгелер боюнча аймактык борбор түзүү маселесин кароого даяр экендиктерин билдиришти.

Жыйындын жыйынтыгында уюмга мүчө өлкөлөрдүн энергетика министрлеринин ортосунда энергетика чөйрөсүндө кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө биргелешкен Коммюникеге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий