Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Бишкектеги "World Class" спорт клубунда триатлон боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 8-декабрда өтүп, ага Кыргызстан жана Өзбекстандан 56 спортчу катышты.
Жарышты Кыргызстандын Триалон федерациясы "Номад Спорт" компаниясы менен биргеликте уюштурду.
Триатлон боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:
Эркектер арасында 18-29 жаштагылар:
1-орун – Афонин Владислав, Андрей Куликов;
2-орун – Лыжин Денис;
3-орун – Камронбек Собитов.
Эркектер арасында 30-39 жаштагылар:
1-орун – Николай Ведмедь, Нуршат Абабакиров;
2-орун – Жаныбек Салиев;
Эркектер арасында 40-49 жаштагылар:
1-орун – Андрей Ханадеев;
2-орун – Аалы Уманкулов.
Аялдар арасында 30-39 жаштагылар:
1-орун – Валентина Лим;
2-орун – Роза Умарова.
Аялдар арасында 40-49 жаштагылар:
1-орун – Татьяна Шацких;
2-орун – Виолетта Афуксениди;
3-орун – Айгүл Алыкулова.
Пикир
Оставить комментарий