• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Бишкекте турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга кеңештер берилди

Коом 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Бүткүл дүйнөлүк балдар эмгегине каршы күрөшүү күнүнө арналган семинарга катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, семинар турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар, "Гүлзар" балдар борборунун жана интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн уюштурулду.

Өспүрүмдөр менен жаштарга билим алуунун жана мыйзамдуу түрдө ишке орношуунун маанилүүлүгү, кесипти өз кызыкчылыктарына карап тандоо зарылчылыгы, балдардын эмгегинин ден соолугуна жана өнүгүүсүнө тийгизген зыяны, алардын укуктарын кантип коргоо жана кайдан жардам сурап кайрылуу керектиги айтылды.

"Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ар бир баланын коопсуз иштөөсүнө жана окуусуна шарт түзүү боюнча активдүү иш алып барууда. Келечекке ишенимдүү карап, алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн биз сиздерге колдоо көрсөтүп, коргоого аракет кылабыз", - деди Жыпарыса Рысбекова.

Пикир

Оставить комментарий