Бишкек, 16.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн Борбор калаадагы Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында “Улуттук нарк” сынагынын жеӊүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтүүдө.
Салтанаттуу саамалыкка Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, юстиция министри Аяз Баетов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана атайын чакырылган коноктор катышууда.
Иш-чараны оболу Тил комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев ачып, сынактын негизги максаты нарктуу мамлекеттик кызматчыны калыптандырууда мамлекеттик тилге жана салттуу баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кеп маданиятынын сабаттуулугун жогорулатуу экенин белгиледи.
“Мамлекеттик тилди өнүктүрүү мамлекеттик тил коммиссиясынын эле милдети деп ойлобойм. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү ар бирибиздин милдетибиз. Сынакка катышкан ар бир кызматкерге терең ыраазычылык билдирем. Сыйлыгыңыздар кут болсун”, - деди ал.
Сынак Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын жана мамлекеттик тилдин 35 жылдыгын утурлай уюштурулуп, 4 этап менен өткөн. Жалпысынан сынакка 38 мекеме катышкан. Алардын ичинен эӊ көп жеӊүүчүсү бар 10 мекеменин жетекчилери 1-2-3-даражадагы дипломдор менен сыйланышты.
- Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн 2 кызматкери сынактын II, III этабында жеӊүүчү деп табылып, мекемелер арасында 3-орунду ээлеген. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев 3-даражадагы диплом менен сыйланды;
- Юстиция министрлигинин 2 кызматкери сынактын I, II этабында жеӊүүчү деп табылып, мекемелер арасында 3-орунду ээледи. Юстиция министри Аяз Баетов 3-даражадагы диплом менен сыйланды;
- Ош мэриясынын 2 кызматкери сынактын I, III этаптарында жеӊүүчү деп табылып, мекемелер арасында 3-орунду ээледи. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов 3-даражадагы диплом менен сыйланды;
- Бишкек мэриясынын 1 кызматкери сынактын I этабында , ал эми 2 кызматкери IV этабында жеӊүүчү деп табылып, мекемелер арасында 2-орунду ээледи. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 2-даражадагы диплом менен сыйланды;
- Социалдык фонддун 6 кызматкери ар кыл этаптарында жеӊүүчү аталып, мекемелер арасында 1-орунду ээледи. Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 2-даражадагы диплом менен сыйланды.
Иш-чарада сынакта эң көп көрүүчүлөрдү топтогон видео баяндар көрсөтүлдү.
Пикир
Оставить комментарий