• 87
  • 90.43
  • 0.88

Акылбек Жапаров: Жазуучуларды колдоо мамлекеттик саясатта негизги орунду ээлейт

Маданият 0

Бишкек, 21.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Улуттук жазуучулар союзунун 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Кыргызстандын Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев катышты.

Салтанаттуу иш-чараны Акылбек Жапаров ачып, ал жаңы муунду тарбиялоодо жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөөдө адабияттын орду чоң экенине токтолду.

"Жазуучуларды колдоо жана жаңы чыгармаларды басып чыгаруу мамлекеттик саясатта негизги орунду ээлейт. Биз чоң өзгөрүүлөрдүн доорунда жашап жатабыз, бизден тамырыбызды сактап, келечекке умтулуу талап кылынат. Адабият биздин амбицияларыбыздын, үмүтүбүздүн, жетишкендиктерибиздин күзгүсү болууга тийиш. Бүгүнкү аракет - элибиздин эртеңкисине кошкон салым",-деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Иш-чаранын алкагында көрүнүктүү жазуучулар менен акындарга КР министрлер кбинетинин сыйлыктары тапшырылды.

Майрамдык кече белгилүү өнөрпоздордун жана чыгармачыл жамааттардын катышуусундагы концерттик программа менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий