• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кутман Садыбакасов эркин айтыш боюнча чемпионаттын жеңүүчүсү болду

Маданият 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 27-февралда Curltai Folk эркин айтыш чемпионаты өттү.

“Кабар” агенттигине иш-чаранын уюштуруучулары билдиришкендей, Curltai Folk долбоорунун максаты – эң алдыңкы технологияларды колдонуу менен ата-бабаларыбыздын баа жеткис мурасын сактоо жана жаңылоо. Мурастарды заманбап дизайнда чечмелөө жана бул байлыкты келечек муундарга заманбап форматта, салтты урматтоо менен тартуулоо.

“Финалдык беттеште 16 төкмө акын өз ара күч сынашып, жыйынтыгында алардын ичинен Садырбек Турдубек уулу, Кутман Садыбакасов, Азамат Болгонбаев жана Максат Кулуев чемпиондук күмүш кур үчүн күрөштү. 21 жаштагы Кутман Садыбакасов жеңишке жетип, 150 миң сом өлчөмдөгү башкы акчалай байге жана чемпиондук күмүш курга татыды”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми байгелүү орундарды төмөнкү акындар ээледи:

1-орун – Азамат Болгонбаев;
2-орун – Максат Кулуев;
3-орун – Садырбек Турдубек уулу.

Чемпионат жаңыча формат болуп, көрүүчүлөрдүн курчоосуна толгон чакан сахнада акындар бетме-бет айтышкан. Бардык иш-чаралар FullHD форматта онлайн көрсөтүлүп турду.

Белгилей кетсек, эркин айтышта күч сыноого өлкөнүн жети облусунан 30 акын келишкен.

Пикир

Оставить комментарий