• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бишкекте Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына арналган «Эсибизде» көргөзмөсү ачылат

Коом 0

Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 27-апрелде С.Чуйков үй-музейинде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган «Эсибизде» көргөзмөсүнүн ачылышы өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы саат 15:00дө болот.

"Көргөзмө 2022-жылдын 27-майына чейин уланат. Көргөзмөдө Я.П. Храпковский, В. Тюрин, В.П. Жуков, О.М. Мануилова, Т.С. Усубалиев, В.А.Шестопала жана В.М. Кузнецова аттуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын, сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган", - деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы шаардыктарды көргөзмөдө күтөт.

"Келиңиздер, өз өмүрлөрүн аябай, дүйнөбүздү коргогон согуштун катышуучуларына терең урматтоо жана ыраазычылык сезимин чогуу сезели", - деп кошумчалашты мэриядан.

Музей төмөнкү даректе жайгашкан: Чуйков көчөсү, №87 а, маалымат үчүн телефон: 30-33-64.

Пикир

Оставить комментарий