• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте унаа жуучу жайдан чыккан өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылды

Кырсык 0


Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Бишкекте унаа жуучу жайдан чыккан өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, Бишкек шаарынын Лебединовка айылынын Токмок көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:00дөн тарта эки күжүрмөн эсеп тартылды. Учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий