Бишкек, 27-март /Кабар/. Өткөн эс алуу күндөрү Бишкек шаарында велосезондун ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Иш-чарага 1500дөн ашык велосипед жарыштарын сүйүүчү катышты.
5 чакырымдык вело жарыш Революция баатырларынын монументинен баштап Д.Асанов атындагы паркка чейин жүрдү.
Иш-чара шаар тургундарынын арасында велоспортту жайылтуу жана өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.
Бишкек шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы BOOM stidio Ассоциациясы жана R-bikers велоспорт Федерациясы менен биргеликте жетекчилик кылды.
Пикир
Оставить комментарий