Бишкек, 02.04.23. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 2-апрелде борбор калаанын 145 жылдыгына карата "Велосезон-2023" ачылышы болду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.
Веложүрүш “Ала-Тоо” аянтынан башталып Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багына чейин уланды.
Иш-чаранын соңунда катышуучулар үчүн шоу-программа уюштурулуп, белектер тапшырылды.
Спорттук иш-чараны Megacom компаниясы, “Velofriends позитив KG” бейөкмөт уюму борбор калаанын мэриясынын колдоосу менен уюштурду.
Пикир
Оставить комментарий