• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандык балбандар Болгариядагы эл аралык мелдеште 3 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 10-апрель /Айжамал Дуйшоева-Кабар/. Кыргызстандык балбанбар Болгарияда өткөн «Dan Kolov & Nikola Petrov» грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште 3 медаль утуп алышты. Бул тууралуу КРнын Күрөш федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 8-9-апрелде Болгарияда өттү. Мелдешке дүйнөнүн 41 өлкөсүнөн 500гө жакын спортчу катышты.

Кыргызстандын атынан Канат Бегалиевдин жетекчилигинин астында 13 спортчу ат салышты.

Руслан Царев жана Узур Жусупбеков күмүш, ал эми Нургазы Асангулов коло медаль тагынышты.

Пикир

Оставить комментарий