Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда саат 08:00дөн 15:30га чейин Бишкектин батыш тарабындагы жеке керектөөчүлөр үчүн ысык суунун параметри убактылуу төмөндөшү мүмкүн. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы жолдун курулушун тездетүү, ошондой эле суук мезгилде жылуулукту ишенимдүү камсыздоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
"Бакаев көчөсүнүн темир жол менен кесилишиндеги курулуп жаткан жаңы жолдун үстүнөн өткөн буу түтүктөрүн кайра кесип өткөндүгүнө байланыштуу №96 стационардык тирөөчтөн батыш тарапка "Бишкексельмаш" отканасына карай буу берүү убактылуу өчүрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий