• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 09.01.22. /Кабар/. Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Азия Молл" соода борборунун жанында жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатында 1 эркек киши (аты-жөнү такталууда) өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, ал жаранды куткарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Пикир

Оставить комментарий