• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада 3 миң 789 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 09.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 3 миң 789 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 миң 223 адам вакцинанын биринчи дозасын 2 миң 566 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 243 миң 766 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 34 миң 592 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий