• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

COVID-19: Кыргызстанда бир суткада 9 миң 409 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 409 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 55 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 354 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 178 миң 603 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 964 миң 44 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий