• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

COVID-19: Республикалык штабдын 8-апрелге карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 42 жаӊы учур катталды. Өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 270ге жетти.

- Өлкө боюнча коронавирустан айыккан 25 адам стационарлардан үйүнө чыгарылды.

- Обсервацияда бүгүнкү күндө 1 миң 97 адам, ал эми үй карантинине 439 адам жатат.

- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 32 медицина кызматкери коронавирус жуктурган.

- Ош шаарындагы балдар инфекциялык ооруканасы дезинфекциялоочу иш-чараларды жүргүзүү үчүн убактылуу жабылды.

- Республикада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан жер-жерлерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

- Бүгүн 8-апрелде республиканын бардык региондорунда окуу башталды.

- Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук билим берүүнүн сапатын баалоо борбору 4-11-класстардын оокучуларынын жетишкендиктерин баалоо үчүн комплекстүү тесттерди иштеп чыкты.

- Учурда өлкөдө 2 эсеп ачылган:

1) Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган эсепке 6 млн 484 миң сом түштү.

2) Финансы министрлигинин алдында атайын ачылган депозиттик эсепке 103 млн сом түштү.

- Коммуналдык төлөө мөөнөтү 3 айга узартылат. Төлөмдүн мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн туум жазылбайт.

Пикир

Оставить комментарий