• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 606 адамдан табылып, төртөө каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 25.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 606 адамдан табылып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 88, Ош шаарында - 36, Чүй облусунда - 29, Ош облусунда - 97, Талас облусунда - 24, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусунда - 41, Жалал-Абад облусунда - 184, Баткен облусунда - 105 адам жуктуруп алган.

Ал эми акыркы бир күндө 279 адам сакайып чыкты. Бишкекте - 53, Ош шаарында - 24, Чүй облусунда - 25, Ош облусунда - 73, Талас облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда - 13, Жалал-Абад облусунда - 55, Баткен облусунда - 30 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 47 миң 616 адам айыкса, 55 миң 750 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан 1 миң 134 жаран көз жумган. Бир күндө 4 өлүм катталды. Баткенде - 1, Нарын облусунда – 1, Ош облусунда – 1, Чүй облусунда – 1 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 328 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 156 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 6, үй карантининен 9 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 575 учур катталды, алардын ичинен 3 266 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий