• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бишкектеги пандустар стандарттарга ылайык келтирилет

Коом 0

Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Бишкектеги пандустар стандарттарга ылайык келтирилет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, өткөн жылдын октябрь айында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен майыптыгы бар жарандардын жолугушуусу орун алган. Анда алар калаа башчысынан коомдук жайларга пандустарды орнотууну суранышкан.

Бүгүнкү күндө калаа башчысынын тапшырмасы менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн стандарттарга жооп берген пандустарды орнотуу долбоору ишке кирди.

Белгилүү болгондой, долбоордун алкагында 2025-жылдын 10-январында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана майыптыгы бар адамдардын эмгек укуктары боюнча медиа-эксперт, «Жаңы доор» коомдук фондунун төрагасы Аскар Турдугулов объекттерге практикалык изилдөө жүргүзүштү.

Активист Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жана Улуттук госпиталдын ЛОР бөлүмү жана шаардагы дагы бир фабриканын маңдайындагы пандустар колдонууга ыңгайлуу экенин белгилеген.

Долбоордун алкагында «Бишкешаарлифт» муниципалдык ишканасынын адистери «Бай Ниет» ЖЧКсы жана «Береке Билдинг» ЖЧКсы менен биргеликте заманбап талаптарга жооп берген пандустарды орнотууну баштады.

Айбек Жунушалиев өз кезегинде пандустарды талапка ылайык келтирип, ай сайын төрттөн кем эмес пандустарды орнотууну тапшырды.

Белгилей кетсек, пандустарды орнотуу ар бир жашоочу физикалык чектөөлөргө карабастан эркин жана коопсуз кыймылдай ала турган жеткиликтүү шаардык чөйрөнү камсыз кылуудагы маанилүү кадам болуп саналат.

"Долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустарды орнотууга чоң салым кошуп жаткан меценаттарды тартуунун аркасында мүмкүн болууда",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий