• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бишкекте Өзбекстан менен Кыргызстандын текстиль өнөр жайынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү

Экономика 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте Өзбекстан менен Кыргызстандын текстиль өнөр жайынын өкүлдөрүнүн B2B форматындагы жолугушуусу болуп өттү.

Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызматташуунун келечегин талкуулоо жана ишкердик байланыштарды чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө фонд кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана биргелешкен текстиль долбоорлорун каржылоо жолдору тууралуу маалымат берип, жаңы өндүрүш ишканаларын түзүүгө жана бизнес байланыштарды чыңдоого көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи.

Мындан сырткары, өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыктын маанилүү багыты катары текстиль өнөр жайын биргелешип өнүктүрүүнүн келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду текстиль тармагын өнүктүрүүгө жана Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого көмөктөшүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ишин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий