• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бишкекте өзгөчө оор кылмыштары үчүн издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандар кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандар кармалды. Бул тууралуу

Уюшкан кылмыштуу топтун трансулуттук мүчөлөрүнүн ишмердигин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМКнын жана Бишкек ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан чет өлкөнүн жарандары: 2001-жылы туулган К.Б.У. жана 2000-жылы туулган К.Ю.С. (оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн) кармалды.

Мындан тышкары, КР УКМК органдары тарабынан жогоруда аталган адамдардын КР аймагында кылмыштуу кирешелерди легализациялоо жана адалдоо боюнча эл аралык каналга тиешеси бар экендиги, Кыймылсыз мүлк объектилери боюнча жасалма бүтүмдөр боюнча КР салык төлөмдөрүн айланып өтүшкөндүгү аныкталды.

Такталгандай, жогоруда аталган чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагында катталган, бирок иш жүзүндө жок курулуш компаниясынын директорлору болуп, Кыргызстандын жана өлкөнүн чегинен тышкары жүргөн чет мамлекеттердин жарандарын аныкташып жана алардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, Кыргызстандын коммерциялык банктарынын биринде көрсөтүлгөн акча каражаттарын накталай акчага берүүнү ишке ашырган жана накталай акча каражаттарын алгандан соң чет өлкөгө кайтарууну камсыз кылып турушкан.

Азыркы учурда УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өзгөчө ири өлчөмдө кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Пикир

Оставить комментарий