• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Бишкекте “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу кайрымдуулук жарманкеси өттү – фоторепортаж

Коом 0

Бишкек, 01.10.24. /Айпери Кожоева – Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу кайрымдуулук жарманкеси болуп өттү.

Иш-чара Карылардын эл аралык күнүнө жана Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө арналып, өмүрдү узартууга жана улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.

Бул жарманкеге өлкөнүн 40ка жакын аймактарынан келген лидерлердин жана карылардын өкүлдөрүнөн турган өз ара жардам көрсөтүү топтору чогулган. Алар жүндөн жана кийизден токулган өзгөчө кийимдерди, ошондой эле тамак-аш жана ар түрдүү сувенирлерди көрсөтүштү.

Жарманкенин катышуучуларына лотерея, биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча мастер-класс, скандинавиялык басуу, ден соолукту чыңдоочу гимнастика, шахмат турнири, бий флешмобу, жугуштуу эмес оорулар боюнча маалыматтык-билим берүүчү материалдардын көргөзмөсү, республикалык борбордун медициналык адистери менен консультациялар жана кант менен кан басымдын өлчөмүн текшеришти.

Белгилей кентсек, иш-чара «AgeNet International» эл аралык геронтологиялык тармагы менен биргеликте Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору менен биргеликте уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий